Памуккалеге 9 айда 1 миллион 557 миң турист барды
Өткөн айда Памуккалени 271 миң 861 киши кыдырды.
Денизлидеги дүйнөгө таанымал туризм борбору Памуккале 2022-жылдын 1-январынан 30-сентябрына чейин 1 миллион 557 миң 851 туристти кабыл алды.
Денизли туристтик отелчилер жана операторлор коомунун (DENTUROD) төрагасы Гази Мурат Шен жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, өткөн айда Памуккалеге 271 миң 861 кишинин барганын белгиледи.
Шен январь айынын башынан өткөн айдын аягына чейин Памуккалеге барган туристтердин санынын 1 миллион 557 миң 851 кишиге жеткенин маалымдады.
Аймактагы туризм операторлорунун турист санынын көбөйүшүнө ыраазы болгондорун билдирген Шен, келерки жылы Памуккалеге зыяратчы кыймылдуулугунун дагы да артышын күткөндөрүн айтты.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.