Дасторкондук зайтундун экспорту рекордго жетти

Түркиянын бул сезондогу дасторкондук зайтун экспорту 110 миң тонна менен тарыхынын эң жогорку санына жетти.

1887325
Дасторкондук зайтундун экспорту рекордго жетти

Түркиянын бул сезондогу дасторкондук зайтун экспорту 110 миң тонна менен тарыхынын эң жогорку санына жетти.

2021 – 2022 – жылдагы дасторкондук зайтун эскпорт сезону 2022 – жыл 30 -  сентябрдан тарта акырына чыкты.

Экспорт өткөн жылдагы сезон менен салыштырылганда 24 пайыздык өсүү менен 110 миң тоннага жогорулады. Дасторкондук зайтундан алынган валюта наркы 15 пайыздык өсүү менен 173 миллион долларлык деңгээлге жетти.

Билдирүүдө көз караштары орун алган Эгей зайтун жана зайтун майы экспорттоочулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Давут Эр зайтун майын экспорттоодо 11 айлык мөөнөттү артка калтырышкандарын баса белгилеп : «Зайтун майы экспортубуз көлөмү жактан 28 пайыздык өсүү менен 40 миң тоннадан 52 миң тоннага жогорулады. Экспорт көлөмү 44 пайыздык өсүү менен 180 миллион долларга чыкты»,- деди.

Глобалдык жылуулуктан улам Испания жана Италияда түшүмдүүлүктүн төмөн бойдон кала турганы боюнча божомолдор бар экенин белгилеген Эр: «Бул абалды экспортубуз үчүн мүмкүнчүлүккө айландыра алабыз деп ойлойбуз жана кийинки сезондо экспортубузду 500 миллион долларга жеткирүүнү максат кылуудабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар