Түркиянын экспорту август айында 21 миллиард 337 миллион долларга жетти

Түркиянын Статистика мекемеси жана Соода министрлиги менен биргеликте түзүлгөн август айынын убактылуу тышкы соода маалыматтары жарыяланды.

1886872
Түркиянын экспорту август айында 21 миллиард 337 миллион долларга жетти

Түркиянын экспорту август айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 13,1 пайызга өсүп 21 миллиард 337 миллион долларга, импорту болсо 40,4 пайыздык өсүү менен 32 миллиард 531 миллион долларга жетти.

Түркиянын Статистика мекемеси жана Соода министрлиги менен биргеликте түзүлгөн август айынын убактылуу тышкы соода маалыматтары жарыяланды.

Буга ылайык, жалпы соода системасынын  алкагында экспорт өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 13,1 пайызга өсүп 21 миллиард 337 миллион долларга, импорт болсо 40,4 пайызга өсүп 32 миллиард 531 миллион долларга жетти.

Август айында Германия 1 миллиард 664 миллион доллар менен экспортто биринчи орунду алды.

Бул өлкөдөн кийин 1 миллиард 483 миллион доллар менен Америка Кошмо Штаттары, 1 миллиард 258 миллион доллар менен Ирак, 1 миллиард 104 миллион доллар менен  Британия, 949 миллион доллар менен Россия болду.

Август айында биринчи 5 өлкөгө экспорт жалпы экспорттун 30,3 пайызын түздү.



Тектеш кабарлар