Мега яхта "Анна" Мармаристе
Яхтанын портто болжол менен бир жума кала турганы белгиленди.
1884185
Мугланын Мармарис районундагы портко Кайман аралдарынын желеги илинген узундугу 110 метр болгон «Анна» аттуу мега-люкс яхта келди.
Мармарис круиз порт пристатына токтогон яхтанын портто болжол менен бир жума кала турганы белгиленди.
Узундугу 110 метр, туурасы 18 метрди түзгөн яхта 8 люкс кабинада 16 конокту тосо алат. 36 кызматкер иштеген 4 кабаттуу яхтада сулуулук салону, спа, сауна, жакузи, кинотеатр, лифт, суу астындагы жарыктар, пляж клубу жана тик учак конуучу аянт бар.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.