Стамбулга 8 айда 10 миллиондон ашык турист келди

Бул тууралуу Стамбулдун губернатору Али Йерликая Твиттер эсебинен бөлүшүүсүндө маалымдады.

1884049
Стамбулга 8 айда 10 миллиондон ашык турист келди

Стамбул 8 айда 10 миллиондон ашуун чет элдик туристти кабыл алды.

Стамбулдун губернатору Али Йерликая Твиттер эсебинен бөлүшүүсүндө, Стамбул туризм статистикасы отчетуна караганда август айында шаарга 1 миллион 665 миң 983 чет элдик турист келгенин белгиледи.

Үстүбүздөгү жылдын 8 айында шаарга келген чет элдик турист санынын 10 миллион 180 миң 789 болгонун белгилеген Йерликая чет элдик туристтер эң көп келген 5 өлкөнүн катары менен Орусия, Германия, Иран, Сауд Арабия жана АКШ экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар