Түркия 8 айда 29 миллиондон ашуун чет элдик туристти кабыл алды

Маданият жана туризм министрлиги, жылдын январь-август айларында өлкөгө келген туристтердин саны боюнча маалыматы менен бөлүштү.

1883821
Түркия 8 айда 29 миллиондон ашуун чет элдик туристти кабыл алды

Түркияга келген чет элдик туристтердин саны жылдын 8 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 108,48 пайызга өсүп 29 миллион 334 миң 652ге жетти.

Маданият жана туризм министрлиги, жылдын январь-август айларында өлкөгө келген туристтердин саны боюнча маалыматы менен бөлүштү.

Буга ылайык Түркия жылдын 8 айында 32 миллион 500 миң 190 зыяратчыны кабыл алды.

Чет элдик туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 108,48 пайызга өсүп 29 миллион 334 миң 652ге жетти.

Түркияга эң көп турист жөнөткөн өлкөлөрдүн рейтингинде 105,73 пайыздык өсүү жана 3 миллион 850 миң 816 киши менен Германия биринчи, 22,8 пайыздык өсүү жана 3 миллион 3 миң 836 киши менен Орусия экинчи, 2 миң 120,57 пайыздык өсүү жана 2 миллион 360 миң 404 киши менен Британия үчүнчү орунду ээледи. Британиядан кийин Болгария жана Иран турат.

Август айында да чет элдик зыяратчылардын саны өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 52,32 пайызга өсүп 6 миллион 304 миң 443кө жетти.

Август айында Түркияга эң көп 858 миң 265 киши менен Германиядан, 806 миң 505 киши менен Орусиядан, 550 миң 156 киши менен Англиядан, Болгария жана Ирандан турист келди.



Тектеш кабарлар