LNG булактары үчүн сүйлөшүүлөр

Министр Дөңмез видеоконференция аркылуу катышкан «2-Евразиялык когенерация конференциясында» сөз сүйлөдү.

1883318
LNG булактары үчүн сүйлөшүүлөр

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, жаңы суюлтулган жаратылыш газ (LNG) булактарын алуу үчүн өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандарын айтты.

Министр Дөңмез видеоконференция аркылуу катышкан «2-Евразиялык когенерация конференциясында» сөз сүйлөп, жылдын биринчи айларында башталган Украина-Орусия кагылышуусунан улам жаратылыш газынын баасы дээрлик 20 эсеге, көмүрдүн баасы 8-10 эсеге жогорулаганын айтты.

Бул мезгилде энергетикалык коопсуздуктун маанисине көңүл бурган Дөнмез, жаратылыш газынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн келишимдердин мөөнөтү аяктаган өлкөлөр менен келишимдердин жаңыртылганын, LNG келишимдеринин бүткөрүлгөнүн жана жаңы LNG булактарын алуу үчүн мурда жаратылыш газ соодасы кылынбаган булак өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүлгөнүн айтты.



Тектеш кабарлар