Даяр кийим жана тигүү өнөр жайында экспорт рекорду
Түркия экспортчулар ассамблеясы көрсөткүчтөрдү жарыялады.

Даяр кийим жана тигүү өнөр жайы жылдын биринчи 8 айында 14 миллиард 248 миллион долларлык экспорт менен январь-август айларынын эң жогорку экспортун ишке ашырды.
Түркия экспортчулар ассамблеясынын маалыматына караганда, 2021-жылдын август айында 1 миллиард 736 миллион долларлык экспортту ишке ашырган даяр кийим жана тигүү өнөр жайы быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде 6,1 пайыздык өсүү менен 1 миллиард 842 миллион долларлык экспортко жетишти.
2022-жылдын январь-август айларында даяр кийим жана тигүү өнөр жайы өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,9 пайызга өсүү менен 14 миллиард 248 миллион долларлык экспортту ишке ашырды. Ушундайча сектор январь-август айларынын эң жогорку экспортуна жетти.
Сектордо өткөн айда эң көп экспорт кылынган өлкө 314 миллион доллар менен Германия болду. Германиядан кийин 256 миллион доллар менен Испания жана 181 миллион доллар менен Улуу Британия турат. Январь-август айларында сектор Германияга 2,5 миллиард доллар, Испанияга 1,8 миллиард доллар жана Улуу Британияга 1,4 миллиард долларлык экспорт жасады.
Өткөн айда 180 өлкө жана аймакка экспорт кылган даяр кийим жана тигүү өнөр жайы быйылкы жылдын 8 айында 212 өлкө жана аймакка өнүмдөрүн сатты.
Тектеш кабарлар

Уралоглу БАЭнин инвестиция министри менен жолугушту
Бул тууралуу Транспорт жана инфраструктура министрлининен маалымат берилди.