Варанк: «Түркияга инвестиция салган адам эселентип пайда табат»

Варанк Билежиктин Сөгүт районундагы ишканалардын пайдубалын түптөө аземинде сөз сүйлөдү.

1878420
Варанк: «Түркияга инвестиция салган адам эселентип пайда табат»

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк Түркияга ким инвестиция салса эч качан утулбай турганын, тескерисинче эселентип пайда табаарын айтты.

Варанк Билежиктин Сөгүт районундагы ишканалардын пайдубалын түптөө аземинде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын өсүү көрсөткүчтөрү менен Европа жана Экономикалык Кызматташтык Уюму (OECD) өлкөлөрүнүн арасында экинчи орунду ээлегенин белгилеп, өнөр жай секторунун өсүүдө алдыңкы орунда экенин баса белгиледи.

Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы жана Орусия-Украина согушу сыяктуу себептерден улам дүйнөдө кыйын күндөрдүн бар экенин белгилеген министр Варанк: «Түркия атамекендик жана улуттук өндүрүш мамилеси менен бул шарттарга эң жакшы ыңгайлаша ала турган өлкө. Бул глобалдык факторлордун бардыгынан улам экономикалык географиябыз дээрлик кайрадан калыптанууда жана өлкөбүз бул жаңы тартиптин жаркыраган жылдызы катары көңүлдөрдү бурууда. Акыркы эки жылда өнөр жай өндүрүшүндө жана экспортто эбегейсиз өсүш болду, бул мунун эң чоң далили»,-деп айтты.

Европа Биримдигинин (ЕБ) чоң кризисте экенине баа берген Варанк: «Биз кантип өндүрөбүз, жеткирүү чынжырларын кантип сактайбыз? деген нерсе мындай турсун, Евробиримдик азыр «Бул кышты кантип өткөрөбүз?» деп айтып жатат. Бирок биз рационалдуу тышкы саясат аркылуу бул процессти жакшы башкара алдык»,-деди.

Түркиянын инвесторлорду тарткан өлкөгө айланганын белгилеген Варанк: «Түркияга инвестиция салган адам эч качан утулбайт, тескерисинче, анын ордуна эселеп пайда табат»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар