Министр Дөңмез: «Тоо-кен экспортунда жаңы рекорд келе жатат»

Экспортто биринчи орунду 713 миллион доллар менен Кытай, экинчи орунду 328 миллион доллар менен АКШ, үчүнчү орунду болсо 214 миллион доллар менен Болгария ээледи.

1873307
Министр Дөңмез: «Тоо-кен экспортунда жаңы рекорд келе жатат»

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Түркиянын тоо-кен өнөр жайынын экспортунда өткөн жылы рекорд жаңырганын айтып: «Көрсөткүчтөр быйыл дагы тоо-кен экспортунда жаңы рекорд болорун көрсөтүүдө»,-деди.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, 2021-жылы Республика тарыхында рекорд коюп 5,93 миллиард долларлык экспортту ишке ашырган тоо-кен тармагы 2022-жылга да рекорддук максат менен кирди.

Жаңы рынокторду издөөнү уланткан жана учурдагы рынокторго кошумча нарк кошкон продукцияларды экспорттогон сектордо экспорттун көлөмү жылдын 6 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19 пайызга өсүп 2 миллиард 82 миллион доллардан 3 миллиард 360 миллион долларга жетти.

Экспортто биринчи орунду 713 миллион доллар менен Кытай, экинчи орунду 328 миллион доллар менен АКШ, үчүнчү орунду болсо 214 миллион доллар менен Болгария ээледи.

Билдирүүдө көз караштары орун алган министр Дөнмез Түркиянын жер астындагы байлыктар боюнча дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн бири экенин айтты.

Акыркы жылдарда түрк экономикасынын өсүүсүндө экспорттун алдыңкы ролду ойногондугун белгилеген министр Дөнмез: «Тоо-кен экспортубуз да бул локомотивдердин арасында, ал тургай алдыңкы катарда. Өткөн жылы тоо-кен экспорту боюнча Республика тарыхындагы рекордду жаңыртканбыз. Маалыматтар көрсөткөндөй, быйыл да тоо-кен экспортунда жаңы рекорд келе жатат»-деди.



Тектеш кабарлар