Түркияга 23 миллиондон ашуун турист келди

Маданият жана туризм министрлиги январь-июль айларынын аралыгында өлкөгө келген туристтердин саны боюнча көрсөткүчтөрдү бөлүштү.

1870749
Түркияга 23 миллиондон ашуун турист келди

Түркияга келген туристтердин саны жылдын биринчи 7 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 128,28 пайызга өсүп 23 миллион 30 миң 209га жетти.

Маданият жана туризм министрлиги январь-июль айларынын аралыгында өлкөгө келген туристтердин саны боюнча көрсөткүчтөрдү бөлүштү.

Буга ылайык туристтердин саны январь-июль мезгилинде өткөн жылдын 7 айына салыштырмалуу 128,28 пайызга өсүп 23 миллион 30 миң 209 болду.

Түркияга эң көп турист жөнөткөн өлкөлөрдүн рейтингинде, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 137,36 пайыздык өсүш жана 2 миллион 992 миң 551 киши менен Германия биринчи, 41,36 пайыздык өсүш жана 2 миллион 197 миң 331 адам менен Орусия Федерациясы экинчи,  2036,01 пайыздык өсүш жана 1 миллион 810 миң 248 киши менен Британия үчүнчү орунду ээледи.

Британиядан кийин Болгария жана Иран турат.

Түркия үстүбүздөгү жылдын июль айында болсо өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 52,84 пайыздык өсүү менен 6 миллион 665 миң 129 туристти кабыл алды.

Эң көп турист жөнөткөн өлкөлөрдүн рейтингинде Германия 962 миң 3 киши менен биринчи, Орусия Федерациясы 741 миң 419 киши менен экинчи, Улуу Британия 545 миң 973 киши менен үчүнчү болду.

Британиядан кийин Нидерландия жана Болгария турат.



Тектеш кабарлар