Түркиянын машина экспортунда өсүү...

Машина экспорттоочулар бирикмесинин (MAİB) маалыматына караганда Түркиянын машина экспортунда өсүү уланууда.

1869570
Түркиянын машина экспортунда өсүү...

 

Түркиянын машина экспорту 7 айда өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 7,7 пайызга өсүп 14,2 миллиард долларга жетти.

Машина экспорттоочулар бирикмесинин (MAİB) маалыматына караганда Түркиянын машина экспортунда өсүү уланууда. Январь-июль айларында машина жасоо өнөр жайынын экспорту 14,2 миллиард долларга жетти. Экспорттун өсүшү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 7,7 пайызды түздү.

Түркиянын машина экспорту сан жагынан 1,6 пайызга өсүп, 2,2 миллион тоннага жакындады. Эң көп машина экспорттогон эки өлкө болгон Германия менен Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) жалпы сатуу 2,5 миллиард долларды түздү.

Түркиядан Орусияга машина экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 22,1 пайыздык өсүү менен 518 миллион долларга жетсе, Италия, Улуу Британия жана Францияга жасалган экспорт 500 миллион доллар босогодон ашты.



Тектеш кабарлар