Европада газдын баасы рекорддук деңгээлге жетти

Баанын жогорулашында эмне таасирдүү болду?

1860015
Европада газдын баасы рекорддук деңгээлге жетти

Европада жаратылыш газынын баасы мегаватт саатына 223,85 евро болуп рекорддук чекке жетти.

Орусиянын «Түндүк Агым» жаратылыш газ кууру аркылуу Европага жөнөткөн газдын көлөмүн бүгүнкү күндөн тарта 40 пайыздан 20 пайызга чейин кыскарта турганын жарыялоосу баанын жогорулашында таасирдүү болду.

Кечээ Европадагы газ фьючерстик келишиминин баасы мегаватт/саатына 199,91 евро менен жабылды.

Бүгүн 210,25 евродон ачылган жаратылыш газынын баасы мурункуга караганда 12 пайыздык өсүү менен 223,85 еврого көтөрүлүп, март айынан берки эң жогорку деңгээлге жетти.

Орус энергетикалык фирмасы Газпром дүйшөмбү күнү орус газын Германия аркылуу Европага ташыган линиялардын бири болгон «Түндүк Агым» жаратылыш газ кууру үчүн колдонулган Портовая компрессордук станциясындагы Siemens турбиналык кыймылдаткычынын техникалык себептерден улам токтотулганын жана ошондуктан линия аркылуу ташылган жаратылыш газынын көлөмүнүн азая турганын кабарлаган.

Бир тараптан кечээ Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр Орусиядан келүүчү агымдын үзгүлтүккө учурашы ыктымалдыгын эске алып, жаратылыш газын керектөөсүн 15 пайызга кыскартууга макулдашты.



Тектеш кабарлар