Европа түрк чайын ичүүдө

Экспорттон 12 миллион 234 миң 737 долларлык киреше түштү.

1856831
Европа түрк чайын ичүүдө

Жылдын январь-июнь айларынын аралыгында Түркиядан 97 өлкөгө чай экспорттолду. 

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар бирикмесинин көрсөткүчтөрүнө караганда, жылдын биринчи жарымында Түркиядан 97 өлкөгө 3 миң 652 тонна чай сатылды.

Аталган экспорттон 12 миллион 234 миң 737 долларлык киреше түштү.

Буга ылайык 2022-жылдын биринчи 6 айында экспорт, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу көлөмү жагынан 41 пайыз, нарк жагынан 19 пайызга өстү. Былтыр 2 миң 585 тонна чайдан 10 миллион 277 миң 186 долларлык киреше алынган. 

Бельгия, Улуу Британия жана Германия эң көп экспорт кылынган үч өлкө болду.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинен айырмаланып быйыл Камерун, Гамбия, Эритрея, Кения, Эстония жана Майоттага чай экспорттолду.



Тектеш кабарлар