ЭВФтин глобалдык белгисиздик билдирүүсү...

Кристалина Георгиева Индонезиядагы Чоң жыйырмалыктын каржы министрлери жана Борбордук банктын башкаруучуларынын жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө экономикалык көз карашка байланыштуу баа берди.

1855748
ЭВФтин глобалдык белгисиздик билдирүүсү...

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) төрайымы Кристалина Георгиева глобалдык экономикалык көз карашка байланыштуу белгисиздиктин өтө жогору экенин жана инфляция туруктуу боло турган болсо дагы начарлашы мүмкүн экенин айтты.

Кристалина Георгиева Индонезиядагы Чоң жыйырмалыктын каржы министрлери жана Борбордук банктын башкаруучуларынын жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө экономикалык көз карашка байланыштуу баа берди.

Глобалдык экономикалык көз караштын жаркын эмес экенин белгилеген Георгиева: «Көз караш олуттуу өлчөмдө карарды жана белгисиздик өтө жогору. ЭВФ мурда эскерткен төмөндү көздөй тобокелдиктери азыр реалдуу болуп калды»,-деди.

Георгиева Орусиянын Украинада 24-февралда баштаган согушу күчөгөнүн, чийки зат жана азык-түлүк баасына кошумча басым жаратканын белгиледи.

Глобалдык каржы шарттарынын күтүлгөндөн да катуулаганына көңүл бурган Георгиева, жаңы типтеги коронавирустук эпидемиядан улам глобалдык камсыздоо чынжырларында уланып жаткан үзгүлтүктөр жана жаңыланган тоскоолдуктар экономикалык активдүүлүккө басым жасаганын белгиледи.



Тектеш кабарлар