Энергетика министри «Абдүлхамид Хан» бургулоочу кемеси тууралуу маалымат берди

Мерсиндин Ташучу портуна барган Дөнмез, «Абдүлхамид Хан» бургулоо кемеси боюнча баа берүүлөрдү жасап, кеменин дүйнөдөгү 7-муун деп аталган беш кеменин бири экенин белгиледи.

1852873
Энергетика министри «Абдүлхамид Хан» бургулоочу кемеси тууралуу маалымат берди

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, «Абдүлхамид Хан» бургулоочу кеменин биринчи бара турган жери «чоң ыктымалдуулук менен Жер Ортолук деңиз» болорун айтты.

Мерсиндин Ташучу портуна барган Дөнмез, «Абдүлхамид Хан» бургулоо кемеси боюнча баа берүүлөрдү жасап, кеменин дүйнөдөгү 7-муун деп аталган беш кеменин бири экенин белгиледи.

Дөнмез Түркиянын көмүр суутек чалгындоо иштерине катыша турган 4-бургулоочу кемеси Абдүлхамид Хандын эң акыркы технологияга ээ экенине көңүл буруп:«Көгүлтүр мекенде өзүбүздүн деңиз аймактарыбызда бургулоо иш-чараларыбызды 4 жылдан бери үзгүлтүксүз улантып жатабыз. Биздин эң чоң күчүбүз флотубуздун терең деңиз бургулоочу кемелери. Алгач «Фатих», андан кийин «Явуз» жана эң соңунда «Кануни» флотубузга кошулган»,-деп айтты.

Түркиянын энергетика флотунун көпчүлүгүнүн Кара деңизде ишин улантып жатканын белгилеген Дөнмез, «Абдулхамид Хан» кемесинин жеңилдетүүчү технологияга ээ экенине көңүл буруп: «Биздин кеме августтун биринчи жарымында өзүнүн биринчи миссиясы боло турган жерге барат. Биринчи миссия боло турган жер үчүн 5-6 альтернатива талкууланууда. Мен дагы бир ай чыдайбыз деп үмүттөнөм. Миссия боло турган жер чоң ыктымалдуулук менен Жер Ортолук деңизи болушу мүмкүн»,-деди.

Кара деңизде табылган жаратылыш газына байланыштуу изилдөөлөргө да токтолгон Министр Дөнмез: «Касторо 10 кемеси тайызда өз миссиясын аяктоо алдында турат. Касторон кемеси деңиздин терең жерлерине түтүктөрдү төшөө менен алектенет. Ал алгачкы иштерин майрам күндөрү башташы мүмкүн»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар