Кушадасы 6 миң 700 туристти тосуп алды

Круиздик туризмдин маанилүү борборлорунун бири болгон Кушадасына 5 кеме менен 6 миң 700гө жакын турист келди.

1852299
Кушадасы  6 миң 700 туристти тосуп алды

Круиздик туризмдин маанилүү борборлорунун бири болгон Кушадасына 5 кеме менен 6 миң 700гө жакын турист келди.

Мальта желектүү Celestyal Olimpia жана Star Flyer, Панама желектүү MSC Lirica, Норвегия желектүү Viking Sky жана Маршалл аралдары желектери илинген Seven Seas Explorer жүргүнчүлөрү менен бирге Эге портуна келди.

Кемелерден түшкөн туристтердин бир бөлүгү Эфес жана  Мариям эне үйү туруна катышуу үчүн автобустар менен порттон чыгышты.

Туристтик программага катышпаган туристтер райондун борборуна жана базарга экскурсияга чыгышты.

 

 



Тектеш кабарлар