Памуккалеге жарым миллиондон ашуун турист келди

Январь-июнь айларынын көрсөткүчтөрү жарыяланды.

1850757
Памуккалеге жарым миллиондон ашуун турист келди

Түркиянын эң көрүнүктүү жерлеринин бири болгон Памуккалени жылдын алгачкы 6 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 141 пайыздык өсүү менен 604 миң 33 турист көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Облустук маданият жана туризм башкармалыгынын көрсөткүчтөрүнө караганда, өткөн жылдын январь-июнь айларында ак травертиндерди көрүүгө 250 миң 158 турист келсе, бул сан быйылкы жылдын тийиштүү мезгилде 141 пайызга өсүү менен 604 миң 33кө жетти.

Өткөн жылдын июнь айында 83 миң 994 турист келген аймак, быйыл ушул эле айда 205 миң 800 кишини кабыл алды.



Тектеш кабарлар