Түркиянын экспорту өстү

Май айынын болжолдуу тышкы соода көрсөткүчтөрү жарыяланды.

1850168
Түркиянын экспорту өстү

Түркиянын экспорту май айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 15,3 пайызга өсүп 18 миллиард 984 миллион долларга жетти.

Түркиянын Статистика мекемеси жана Соода министрлиги менен биргеликте түзүлгөн май айынын болжолдуу тышкы соода көрсөткүчтөрү жарыяланды.

Буга ылайык, Жалпы соода системасынын (GTS) алкагында экспорт май айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 15,3 пайызга өсүп 18 миллиард 984 миллион долларга жетти.

Германия май айында экспортто биринчи орунду ээледи. Бул өлкөгө 1 миллиард 492 миллион долларлык экспорт жасалды.

Германиядан кийин 1 миллиард 273 миллион доллар менен АКШ, 978 миллион доллар менен Ирак, 953 миллион доллар менен Италия жана 911 миллион доллар менен Британия орун алды.



Тектеш кабарлар