Түркиянын машина экспорту 5 айда 10 миллиард доллардан ашты

Январь-май мезгилинде машина өндүрүшүнүн экспорту 10,1 миллиард долларга жетти.

1846337
Түркиянын машина экспорту 5 айда 10 миллиард доллардан ашты

Түркиянын машина экспорту жылдын биринчи 5 айында 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8,3 пайызга өсүп 10,1 миллиард долларга жетти.

Машина экспорттоочулар ассоциациясынын маалыматына караганда, эркин аймактарды кошкондо январь-май мезгилинде машина өндүрүшүнүн экспорту 10,1 миллиард долларга жетти.

Май айында эң көп экспорт Германияга, андан кийин Италия жана Францияга жасалды.



Тектеш кабарлар