Түркияда Үйүрлүү айдоочусуз деңиз унаасы (IDA) долбоорунда жаңы этапка өтүлдү

Бул тууралуу Президенттиктин Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын билдирүүсү жарыяланды.

1845417
Түркияда Үйүрлүү айдоочусуз деңиз унаасы (IDA) долбоорунда жаңы этапка өтүлдү

Үйүрлүү айдоочусуз деңиз унаасы (IDA) долбоорунда жаңы этапка өтүлдү.

Президенттиктин Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, ALBATROS-S үйүрлүү айдоочусуз деңиз унаасынан кийин, «бул тармактын жаңы жана чоңураак мүчөсү» MİR үйүрлүү айдоочусуз деңиз унаасы (IDA) ASELSAN менен Sefine кеме заводунун кызматташтыгында иштелип чыкты.

Эки Үйүрлүү айдоочусуз деңиз унаасы (IDA)  биринчи жолу чогуу кызмат кылышты.

Билдирүүдө көз караштары берилген Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын төрагасы Исмаил Демир, долбоор менен ар түрдүү түзүлүштөрдө жана миссияларда айдоочусуз деңиз унааларын колдонууну максат кылгандарын белгилеп, ушул алкакта Үйүрлүү айдоочусуз деңиз унаасына (IDA) жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүүнү улантышарын белгиледи.

Демир: «Биз талаа сыноосун эки түрдүү өлчөм жана жөндөмдүүлүктөгү Үйүрлүү айдоочусуз деңиз унаасы (IDA) менен ийгиликтүү өткөрдүк. Биз ALBATROS-S жана MIR IDAлардан биздин Үйүрлүү айдоочусуз деңиз унаасы (IDA)  версиябызды түздүк. Өнүккөн инфраструктура каалаган IDAны үйүр элементи катары кошууга же үйүрдөн бөлүүгө мүмкүндүк берет»,-деп айтты.

Демир үйүр-жөндөмдүү IDAлардын жергиликтүү жана улуттук оригиналдуу байланыш системасы, башкаруу системасы, көп жана кошумча байланыш системасы архитектурасы, GNSS (Глобалдык навигация спутник системасы) аралашмасы астында миссиясын уланта алуу сыяктуу мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар