Түркия 5 айда 12,7 миллион туристти кабыл алды

Жылдын алгачкы 5 айында өлкөгө келген чет элдик туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 207,10 пайызга өстү.

1845815
Түркия 5 айда 12,7 миллион туристти кабыл алды

Түркия быйылкы жылдын биринчи беш айында 12,7 миллион туристти кабыл алды.

Маданият жана туризм министрлигинен берилген маалыматка караганда, январь-май мезилинде Түркияга келген туристтердин 11 миллион 301 миң 602си чет элдик, 1 миллион 408 миң 829у чет өлкөдө жашаган түрк жарандары түздү.

Жылдын алгачкы 5 айында өлкөгө келген чет элдик туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 207,10 пайызга өстү.

2022-жылдын январь-май айларында Түркияга эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн рейтингинде Германия 367,24 пайыздык өсүү менен биринчи, Болгария 334,88 пайыздык өсүү менен экинчи, Орусия да 49,40 пайыздык өсүү менен үчүнчү орунду ээледи. Орусиядан кийин Иран жана Англия турат.

Германиядан келген туристтердин саны быйыл 1 миллион 308 миң 721, Болгариядан 945 миң 976, Орусиядан 853 миң 590 болду.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Түркияга келген чет элдик туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 308,48 пайызга өсүп 3 миллион 824 миң 555ке жетти. 

2022-жылдын май айында Түркияга эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн тизмесинде Германия 494 ​​миң 929 менен биринчи орунда. Англия 395 миң 56 менен экинчи, Орусия 362 миң 676 менен үчүнчү болду. Бул өлкөлөрдөн кийин Болгария жана Иран турат. 



Тектеш кабарлар