Стамбулга келген турист саны

Апрель айында Стамбулга келген чет элдиктер арасында немистер 101 миң 352 киши менен биринчи орунду алды.

1836061
Стамбулга келген турист саны

Апрель айында Стамбулга келген турист саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 133 пайызга өсүп 977 миң 888ге жетти.

Облустук маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда, быйылкы жылдын 4 айында шаарга 3 миллион 882 миң 348 турист келген.

Апрель айында Стамбулга келген чет элдиктер арасында немистер 101 миң 352 киши менен биринчи орунду алды.

Германиядан кийин 88 миң 171 менен Иран, 60 миң 44 менен Россия, 44 миң 696 менен Англия, 40 миң 716 менен Америка, 37 миң 335 менен Франция, 34 миң 776 менен Израиль, 26 миң 471 жана 22 миң 530 менен Голландия, Өзбекстан, Казакстан 20 миң 350, Италия 19 миң 619, Испания 19 миң 511, Ирак 19 миң 149, Азербайжан 16 миң 863, Швейцария 16 миң 157, Румыния 15 миң 670, Украина 15 миң 430 , 12 миң 482 менен Бельгия, 12 миң 295 менен Ливан жана 11 миң 890 менен Австрия келди.

Апрель айында Стамбулга 192 өлкөдөн турист келип, Тонга, Ватикан жана Папуа-Жаңы Гвинеядан бирден, Сан-Томе жана Принсипи жана Брунейден эки киши шаарга келген.



Тектеш кабарлар