Министр Дөнмез: «Ата мекендик жана улуттук генератордо массалык өндүрүштү баштайбыз»

Министр Дөнмез борбор шаар Анкарада сүйлөгөн сөзүндө Электр энергиясын өндүрүү Inc. компаниясынын ата мекендик жана улуттук энергия технологияларын өнүктүрүү үчүн маанилүү изилдөө жана өнүктүрүү иш-чараларын жүргүзгөндүгүнө көңүлдөрдү бурду.

1832559
Министр Дөнмез: «Ата мекендик жана улуттук генератордо массалык өндүрүштү баштайбыз»

 

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Түркиянын ата мекендик жана улуттук генератор өндүрүшүндө сериялык өндүрүш баштаганын билдирди.

Министр Дөнмез борбор шаар Анкарада сүйлөгөн сөзүндө Электр энергиясын өндүрүү Inc. компаниясынын ата мекендик жана улуттук энергия технологияларын өнүктүрүү үчүн маанилүү изилдөө жана өнүктүрүү иш-чараларын жүргүзгөндүгүнө көңүлдөрдү бурду.

«Түркиянын алгачкы ата мекендик жана улуттук генератор өндүрүшү тууралуу сүйүнчүнү коомчулук менен мурда да бөлүшкөнбүз. Бүгүн бул темада дагы бир жакшы кабарды бөлүшкүбүз келет. Эми ата мекендик жана улуттук генератор өндүрүшүндө массалык өндүрүшкө өтүп жатабыз»,-деди.

Министр Донмез: «Ошондой эле электр энергиясын өндүрүүнүн дагы эки маанилүү компоненти болгон турбиналарды жана башкаруу системаларын локализациялоодо бир топ аралыкты басып өттүк. Турбинанын долбоорлорун бүтүрдүк. Жакын арада биринчи ата мекендик турбинанын өндүрүшүн баштайбыз. Биринчи ата мекендик турбинабызды жана массалык өндүрүштөн чыгара турган биринчи ата мекендик генераторубузду Сакария дарыясындагы «Хасан Полаткан» ГЭСинде колдонобуз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар