Түркия 4 айда 9 миллионго жакын саякатчыны кабыл алды

Маданият жана туризм министрлигинин билдирүүсүнө караганда, 2022-жылдын 4 айында өлкөгө келген саякатчылардын 7 миллион 477 миң 47си чет элдиктер болсо, чет өлкөдө жашаган жарандардын саны 1 миллион 408 миң 829 болду.

1830789
Түркия 4 айда 9 миллионго жакын саякатчыны кабыл алды

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель мезгилинде Түркияга 8 миллион 885 миң 876 адам келди.

Маданият жана туризм министрлигинин билдирүүсүнө караганда, 2022-жылдын 4 айында өлкөгө келген саякатчылардын 7 миллион 477 миң 47си чет элдиктер болсо, чет өлкөдө жашаган жарандардын саны 1 миллион 408 миң 829 болду.

Аталган мезгилде коноктогон чет элдик саякатчылардын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 172,51 пайызга өстү.

Түркияга эң көп саякатчы жөнөткөн өлкөлөрдүн рейтингинде жылдын 4 айында Германия 339,81 пайыздык өсүү менен биринчи, Болгария 325,55 пайыздык өсүү менен экинчи, Иран 236,77 пайыздык өсүү менен

үчүнчү орунга чыкты. Ирандан кийин Россия Федерациясы жана Улуу Британия орун алды.

Апрель айында Түркияга келген чет элдик туристтердин саны болсо өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 225,59 пайызга өсүп 2 миллион 574 миң 423 болду.

Апрель айында эң көп турист жөнөткөн өлкөлөрдүн рейтингинде өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 630,34 пайыздык өсүү менен Германия биринчи, Болгария 442,04 пайыздык өсүү менен экинчи, Англия 1446,83 пайыздык өсүү менен үчүнчү орунду алды..

Британиядан кийин Иран жана Россия Федерациясы болду.



Тектеш кабарлар