Ризе чай экспортунан 4 айда 2,8 миллион доллар киреше тапты
Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрага орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, жылдын 4 айында Ризеден 19 өлкөгө чай экспорттолгондугун айтты.

Ризе үстүбүздөгү жылдын январь - апрель айларында чай экспортунан 2 миллион 869 миң 310 доллар киреше тапты.
Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрага орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, жылдын 4 айында Ризеден 19 өлкөгө чай экспорттолгондугун айтты.
Бул мезгилде 1045 тонна чайдан 2 миллион 869 миң 310 доллар киреше алынгандыгын белгилеген Гүрдоган : "Бельгия, Украина жана АКШ эң көп чай сатып алган өлкөлөр болду. Бельгияга 1 миллион 660 миң 323, Украинага 297 миң 873 жана АКШга да 152 миң 978 долларлык чай экспорттолду",- деди.
Гүрдоган экспорт жаслаган өлкө саны барган сайын көбйөүп жаткандыгына көңүлдөрдү буруп, 2022 - жыл январь - апрель айларында өткөн жылдын ушул эле мезгилинен айырмаланып Бириккен Арап Эмирликтери, Канада, Сенегал, Өзбекстан, Молдова, Мальта жана Албанияга чай экспорттолгондугун баса белгиледи.