Түркиянын төртүнчү бургулоо кемеси 19-майда өлкөдө болот

Министр Фатих Дөнмез Стамбулдагы мунай өнөр жайындагы улуттук технологиялар (PEMT'22) жыйынына катышты.

1827752
Түркиянын төртүнчү бургулоо кемеси 19-майда өлкөдө болот

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Түркиянын төртүнчү бургулоо кемесинин 19-майда өлкөдө боло турганын билдирди.

Министр Фатих Дөнмез Стамбулдагы мунай өнөр жайындагы улуттук технологиялар (PEMT'22) жыйынына катышты.

Жыйналышта сөз сүйлөгөн Дөнмез:«Төртүнчү бургулоочу кемебиз 19-майда Түркияда болот. Төртүнчү бургулоочу кемебиз даярдыктары үчүн Мерсин Ташужунда 2 айдай болот. Керектүү ишер аткарылган соң эң кыска мөөнөттө алгачкы бургулоосун баштайт»,-деди.

Фатих, Явуз жана Кануниден кийин Түркиянын төртүнчү бургулоо кемеси жогорку технологиялар менен жабдылган флотко кошулду.

Узундугу 238, туурасы 42, мунара бийиктиги 104, эң чоң бургулоо тереңдиги 12 миң 200 метр болгон кеменин өз классындагы 5 кемеден бири экени белгиленди.



Тектеш кабарлар