Түркиянын өнөр жай өндүрүш индекси 9, 6 пайызга өстү

Түркиянын статистика мекемеси ТҮИК март айынын өнөр жай өндүрүш индексинин жыйынтыгын жарыялады.

1826606
Түркиянын өнөр жай өндүрүш индекси 9, 6 пайызга өстү

Түркиянын өнөр жай өндүрүш индекси жылдык негизде 9,6 пайызга өстү.

Түркиянын статистика мекемеси ТҮИК март айынын өнөр жай өндүрүш индексинин жыйынтыгын жарыялады.

Буга ылайык, март айында тоо - кен өнөр жай секторунун индекси 2,9 пайыз, иштетүү өнөр жай секторунун индекси 10,6 пайыз жана электр энергиясы, газ, буу жана кондициялоо өндүрүшү жана бөлүштүрүү секторунун индекси мурунку жылга караганда 1,9 пайызга өстү.

Март айында тоо - кен өнөр жай секторунун индекси өткөн айга салыштырмалуу 4,9 пайыз, кайра иштетүү өнөр жай секторунун индекси 2,2 пайызга азайса, электр энергиясы, газ, буу жана кондициялоо өндүрүшү жана бөлүштүрүү секторунун индекси 4,8 пайызга өстү.

 

 

 



Тектеш кабарлар