Ири круиздик кеме 4 миң 281 жүргүнчүсү менен Кушадасына келди

Туристтердин көбү автобустар менен байыркы Эфес шаарына жана Бүбү Мариямдын үйүнө барышты.

1825332
Ири круиздик кеме 4 миң 281 жүргүнчүсү менен Кушадасына келди

Багама желектүү ири круиздик «Odyssey of Seas» кемеси 4 миң 281 жүргүнчүсү менен Айдындын Кушадасы районуна келип токтоду.

Эгей портуна келген 347 метрлик люкс туристтик кемеден жүргүнчүлөр менен бирге 1800 экипаж мүчөсү түштү.

Туристтердин көбү автобустар менен байыркы Эфес шаарына жана Бүбү Мариямдын үйүнө барышты.

Өткөн жылы ишке берилген Royal Carriabean Cruise Linesке таандык Odyssey of the Seasта жүргүнчүлөр үчүн 14 палуба, 15 ресторан, 2 бассейн жана 2105 кабинасы бар экени белгиленди.

Эгей Порт Кушадасынын башкы директору жана Глобалдык порттор холдингинин Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймактык директору Азиз Гүнгөр, «Odyssey of the Seasтын» Түркияга келген эң чоң круиздик кеме экенин айтты.

Гүнгөр кеменин быйыл Кушадасына 16 каттам жүргүзүүнү пландаганын белгилеп: «Эгей Порт Кушадасы катары сезон бою дүйнөнүн эң чоң кемелерин тосуп алууну улантабыз. Ушундайча миңдеген жүргүнчүлөрдү ташыган дүйнөнүн эң ири кемелерин кабыл алуу өлкөбүзгө жана Кушадасына болгон кызыгуунун эң ачык көрсөткүчү болуп саналат»,- деди.

Азиз Гүнгөр, Odyssey of the Seasтан тышкары портто «Regal Princess» жана «S.S Voyager» круиздик кемелерин коноктогондорун жана бүгүн Кушадасына 10 миңге жакын жүргүнчүнүн келгенин айтты.



Тектеш кабарлар