Мальта жана Багама желектүү 2 круиздик кеме Бодрумда
Бодрумдун круиз портуна токтогон Багама аралдарынын желеги илинген 110 метрлик круиздик кемеде 84 жүргүнчү жана 70 кишиден турган экипаж бар.

Мугланын Бодрум шаарына Багама желектүү «Emerald Azzurra» жана Мальта желектүү «Star Flyer» менен 202 турист келди.
Бодрумдун круиз портуна токтогон Багама аралдарынын желеги илинген 110 метрлик круиздик кемеде 84 жүргүнчү жана 70 кишиден турган экипаж бар.
Кемеден түшкөн көпчүлүгү британ жана америкалык жүргүнчүлөр Пашатарласы, Кумбахче жана Жумурият көчөлөрүндө жөө басып соода кылышты.
Пристанга токтогон Мальта желетүү 72 метрлик парус круизинде да 118 жүргүнчү жана 69 кишиден турган экипаж бар, алар негизинен АКШ, Британия жана германиялыктар.
Родостон келген кемеден түшкөн жүргүнчүлөр бажыдан өткөндөн кийин шаар кыдырууга чыгышты.
Тектеш кабарлар

Казакстан Түркия менен соода көлөмү тууралуу билдирди
Казакстан менен Түркиянын соода көлөмү бул жылдын биринчи чейрегинде 1, 5 миллион долларга жетти.