Стамбулга март айында 1 миллиондон ашуун турист келди

Стамбул облустук маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда, жылдын биринчи үч айында шаарга 2 миллион 904 миң 460 чет элдик турист келди.

1823660
Стамбулга март айында 1 миллиондон ашуун турист келди

Март айында Стамбулга келген чет элдик туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 112 пайызга өсүп 1 миллион 156 миң 400гө жетти.

Стамбул облустук маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда, жылдын биринчи үч айында шаарга 2 миллион 904 миң 460 чет элдик турист келди.

Өткөн жылдын март айында 545 миң 608 чет элдик туристти кабыл алган Стамбулга быйылкы жылдын ушул эле айында 112 пайыз өсүү менен 1 миллион 156 миң 400 турист келди.

Шаарга келген туристтердин 1 миллион 153 миң 138и аба, 3 миң 262си деңиз аркылуу келген. Шаарга аба жолу менен келгендердин саны өткөн жылга салыштырмалуу 113 пайызга, деңиз аркылуу келгендердин саны 12 пайызга өстү.

Март айында Стамбулга келген чет элдиктер арасында 116 миң 626 киши менен ирандыктар биринчи орунду ээледи.

Ирандыктарден кийин катары менен немистер  92 миң 194, орустар 90 миң 394, англистер 42 миң 355, израилдиктер  40 миң 120, француздар 40 миң 119, америкалыктар  36 миң 801, ирактыктар 29 миң 49, нидерландиялыктар  28 миң 28 жана кувейттиктер 27 миң 23 киши менен орун алышты.

Март айында Стамбулга 192 өлкөдөн туристтер келишти.



Тектеш кабарлар