Түркиянын оюн базарындагы үлүшү 1,2 миллиард долларга жетти

Оюн жана эспорт агенттигинин башкаруучу директору (CEO) Озан Айдемир, Түркияда Gaming тарабынан жарыяланган Түркия Оюн индустриясынын 2021 отчетуна байланыштуу билдирүү жасады.

1817639
Түркиянын оюн базарындагы үлүшү 1,2 миллиард долларга жетти

 

Түркиянын оюн тармагындагы үлүшү 1 миллиард 200 миллион долларга көтөрүлдү.

Оюн Түркияда Оюн жана эспорт агенттигинин башкаруучу директору (CEO) Озан Айдемир, Түркияда Gaming тарабынан жарыяланган Түркия Оюн индустриясынын 2021 отчетуна байланыштуу билдирүү жасады, жалпы дүйнөлүк базар 2018-жылы 138 миллиард доллар болсо, бул көрсөткүч 2019-жылы 152 миллиард долларды түзгөн.

Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы жана жабылуулар күчөгөн 2020-жылы дүйнөлүк оюн базарынын көлөмүнүн 177 миллиард долларга жеткенине көңүл бурган Айдемир: «Бул чындыгында биз күткөндөн бир топ жогору көрсөткүч болду. 2021-жылы бул көрсөткүч 176 миллиард доллар болуп катталды»,- деди.

Озан Айдемир Түркиянын 2018-жылы оюн тармагында 853 миллион долларлык базар үлүшү болгонун баса белгилеп: «2020-жылы кирешебиз 880 миллион долларга өстү. 2021-жылы бул көрсөткүч 1 миллиард 200 миллион долларга жетти»,-деди.

Түрк оюн фирмаларынын 2020-жылы 2 миллиард доллардын тегерегинде инвестиция алганын, инвестициянын 2021-жылы да уланганын белгилеген Айдемир:«Бул ийгиликтердин негизин түзгөн факторлордун биринчиси түрк программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар менен мобилдик оюн компанияларынын абдан ийгиликтүү болушу. Башкача айтканда, экөө тең тенденцияларды ээрчип, оюн өндүрүшүнүн сапатын күндөн-күнгө жогорулатууда»,-деп айтты.

Түрк программалык камсыздоочулардын сапаты жогору экенин жана чет өлкөдөгү фирмалардан чоң көңүл бурулганын белгилеген Айдемир, Түркияда оюн өнүктүрүү боюнча университеттерде сапаттуу билим берилгенин айтты.



Тектеш кабарлар