Түркиядан 42 өлкөгө бал экспорту

Бул экспорттон 11 миллион 302 миң 715 долларлык киреше түштү.

1812946
Түркиядан 42 өлкөгө бал экспорту

Түркиядан жылдын биринчи үч айында 42 өлкөгө бал экспорттолду.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин маалыматына караганда, 2022-жылдын январь-март айларында Түркиядан 42 өлкөгө 4 миң 421 тонна бал сатылды. Бул экспорттон 11 миллион 302 миң 715 долларлык киреше түштү.

Түркиянын жылдын биринчи чейрегиндеги бал экспорту, 1686 тоннадан 6 миллион 327 миң 811 долларлык киреше алган 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу салмагы жагынан 162 пайыз, нарк жагынан 79 пайызга өстү.

Бал экспортунда 3 миллион 154 миң 930 доллар менен Америка Кошмо Штаттары биринчи орунга чыкты. Бул өлкөдөн кийин 1 миллион 792 миң 468 доллар менен Германия, 1 миллион 751 миң 938 доллар менен Испания, 1 миллион 351 миң 171 доллар менен Израиль жана 379 миң 205 доллар менен Польша турат. 

Түркия өткөн жылдын тийиштүү мезгилинен айырмаланып Израиль, Польша, Канада, Словакия, Босния-Герцеговина, Косово, Словения, Ливан, Йемен, Ирак, Швейцария, Мавритания, Бангладеш, Кабо-Верде жана Тайванга да бал сатты.



Тектеш кабарлар