Лесбос аралынан Айвалыкка 25 айдан кийин биринчи турист группасы келди

Лесбостон эрте менен чыккан 3 паром 1 саатка жакын убакыттан кийин 154 кишини Айвалыкка алып келди.

1812388
Лесбос аралынан  Айвалыкка 25 айдан кийин биринчи турист группасы келди

Балыкесирдин Айвалык району Ковид  - 19 эпидемиясынан улам 25 айдан кийин 12 -  апрелде кайрадан башталган паром каттамдары менен Грециянын Лесбос аралынан келген туристтерди  тосуп алды. 

Лесбостон эрте менен чыккан 3 паром 1 саатка жакын убакыттан кийин 154 кишини Айвалыкка алып келди. 

Айвалык деңиз чек ара капкасындагы процедурадан кийин шаарга кирген группа Айвалык муниципалитетинин порт пристанында гвоздика менен тосуп алынды.

Грек туристтерден Дина Орфану журналисттерге көптөгөн айлардан бери келе албаган Айвалыктагы досторун жана базарды кыдырганды сагынгандыгын айтты. 

Айвалыкта көптөгөн досторунун бар экендигин айткан Франко  Отилис болсо 1980 - жылдан бери Түркияга келгендигин, ар жолкусунда кийинки зыяратын чыдамсыздык менен күткөндүгүн белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар