Дүйнөлүк өсүү болжолу 4,2 пайыздан 2,8 пайызга чейин төмөндөтүлдү

Дүйнөлүк Соода Уюму (ДСУ) апрель айындагы дүйнөлүк сооданын келечеги тууралуу баяндамасын жарыялады.

1811428
Дүйнөлүк өсүү болжолу 4,2 пайыздан 2,8 пайызга чейин төмөндөтүлдү

 

Дүйнөлүк өсүү болжолу 4,2 пайыздан 2,8 пайызга чейин төмөндөтүлдү.

Дүйнөлүк Соода Уюму (ДСУ) апрель айындагы дүйнөлүк сооданын келечеги тууралуу баяндамасын жарыялады.

Баяндамада Орусия-Украина согушу жана Кытайдагы кайра башталган жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) чектөөлөрүнөн улам 2022-жылга карата дүйнөлүк товар соодасынын өсүү болжолу 4,7 пайыздан 3 пайызга кыскарганы билдирилди.

Анда глобалдык өсүү болжолу 4,2 пайыздан 2,8 пайызга түшүрүлгөнү менен 2023-жылы 3,2 пайыздык өсүш күтүлгөнү белгиленди.

Глобалдык экономикага байланыштуу күтүүлөр 24-февралдагы Орусия-Украина согушу башталгандан бери начарлаганы жана ДСУнун экономисттерин алдыдагы 2 жылга дүйнөлүк соодага байланыштуу божомолдорун кайра кароого мажбур кылганы белгиленген отчетто, согуштун биринчи кезекте товардык баанын кескин көтөрүлүшүнө алып келгени эскертилди.

Баяндамада,  «Дүйнөлүк соода жана өндүрүштөгү үлүшү аз болгонуна карабастан, Орусия менен Украина азык-түлүк, энергетика жана жер семирткичтер сыяктуу эң керектүү товарлардын негизги жеткирүүчүлөрү болуп саналат жана алардын жеткирүүлөрү учурда согуш коркунучунда», деп айтылат.

Согуш глобалдык соодага таасир эткен жалгыз фактор эмес экени баса белгиленген отчетто, дүйнөнүн экинчи чоң экономикасы болгон Кытайда Ковид-19дун жайылышынын алдын алуу үчүн киргизилген чектөөлөр жеткирүү чынжырын бастырып, деңиз соодасын кайрадан үзгүлтүккө учуратканы белгиленди жана «Бул өндүрүш товарларынын кайра тартыштыгына жана инфляциянын өсүшүнө алып келиши мүмкүн»,делди.

ДСУнун башкы директору Нгози Оконжо-Ивеала Украинадагы согуштун экономикалык кесепеттери Украинанын чегинен да алыска тарай турганын белгиледи.

Оконджо-Ивеала: «Биринен сала экинчиси удаа келген пандемия жана согуш жеткирүү чынжырларын үзгүлтүккө учуратканы, инфляциялык басымдын жогорулашына жана өндүрүштүн жана сооданын өсүшүнө болгон күтүүлөрдүн төмөндөшүнө алып келгени көрүнүп турат»,-деди.



Тектеш кабарлар