Түркиядан ЕБге экспорт көбөйдү

Түркиянын экспортчулар ассамблеясы январь-март айларындагы көрсөткүчтөрдү жарыялады.

1810539
Түркиядан ЕБге экспорт көбөйдү

Түркиянын Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнө экспорту быйылкы жылдын биринчи чейрегинде 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 21 пайызга өсүп 23 миллиард 780 миллион 323 миң долларга жетти.

Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TIM) маалыматына караганда, Түркиянын экспорту 2022-жылдын январь-март айларында 20,8 пайызга өсүп, 60 миллиард 287 миллион долларга жетти.

Жылдын биринчи чейрегинде ЕБ өлкөлөрүнө экспорт 21 пайыздык өсүү менен 23 миллиард 780 миллион 323 миң долларды түздү. 

ЕБ өлкөлөрүнө эң көп автомобиль өнөр жайы, даяр кийим жана тигүү, химиялык заттар жана буюмдар, темир жана түстүү металлдар менен болот экспорттолду. 

Түркия Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн ичинен эң көп экспортту Германияга жасады.



Тектеш кабарлар