Türkiyeнин экспорту өстү

Февраль айынын болжолдуу тышкы соода көрсөткүчтөрү жарыяланды.

1804953
Türkiyeнин экспорту өстү

Türkiyeнин экспорту февраль айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 25,4 пайызга өсүп 20 миллиард 4 миллион долларга, импорту болсо 44,5 пайызга өсүп 27 миллиард 885 миллион долларга жетти.

Türkiyeнин статистикалык мекемеси жана Соода министрлиги менен биргеликте түзүлгөн февраль айынын болжолдуу тышкы соода көрсөткүчтөрү жарыяланды.

Буга ылайык, Жалпы соода системасынын (GTS) алкагында экспорт февраль айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 25,4 пайызга өсүп 20 миллиард 4 миллион доллар, импорт болсо 44,5 пайызга өсүп 27 миллиард 885 миллион доллар болду.

Тышкы соода дефицити февраль айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 135,5 пайызга өсүп, 3 миллиард 347 миллион доллардан 7 миллиард 881 миллион долларга жетти.


Этикеткалар: #Türkiyeнин экспорту

Тектеш кабарлар