Түркиянын бал экспорту

Түркиядан 36 өлкөгө бал сатылды.

1800002
Түркиянын бал экспорту

2022-жылдын январь-февраль айларында Түркиядан 36 өлкөгө 7 миллион 131 миң 895 долларга бал сатылды.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрага орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган жылдын эки айында 2 миң 844 тонна бал сатылганын айтты.

Аталган экспорттон 7 миллион 131 миң 895 долларлык киреше түшкөнүн белгилеген Гүрдоган: "Өлкөбүз эки айда 36 өлкөгө бал экспорттоду. Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Испания жана Германия бал экспорттолгон биринчи 3 өлкө болду. Бул мезгилде АКШга 1 миллион 651 миң 807, Испанияга 1 миллион 463 миң 621, Германияга да 990 миң 454 долларга бал сатылды",- деди.

Бул мезгилде экспорт потенциалын эң көп арттырган өлкө Испания болгонуна көңүл бурган Гүрдоган, АКШга экспорттун өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу наркы жагынан 130 пайыз, сан жагынан 44 пайызга өскөнүн билдирди.

Гурдоган өткөн жылдын тийиштүү мезгилинен айырмаланып Израил, Польша, Венгрия, Косово, Босния-Герцеговина, Словакия, Ливан, Йемен, Ирак, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Сингапур, Мавритания, Франция, Швейцария, Бангладеш, Кабо-Верде, Түндүк Македония жана Тайванга да бал сатылганын айтты.



Тектеш кабарлар