Түрк чайы 70 өлкөгө экспорттолду
Бул сатуудан 3 миллион 40 миң 290 долларлык киреше түштү.
1799195
Түркиядан жылдын алгачкы 2 айында 70 өлкөгө 3 миллион 40 миң 290 долларлык чай экспорттолду.
Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Саффет Калёнжу, Түркиянын жылдын 2 айында 1,42 тонналык чай экспорттогонун белгилеп, бул сатуудан 3 миллион 40 миң 290 долларлык киреше түшкөнүн айтты.
Калёнжу, өлкөнүн чай экспортунун 19 пайызынын Ризеден ишке ашканын белгиледи.
Январь-февраль айларында Ризеден Бельгия, Нидерландия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы баш болгон 12 өлкөгө 295 тонна чай экспорттолду. Аты аталган экспорттон да 574 миң 569 долларлык киреше түштү»,- деди.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.