Түрк чайы 10 жылда 203 , 9 миллион доллар киреше тапты

Түркия 2011 - 2 021  - жылдар аралыгында чай экспортунан 203 миллион 872 миң 233 доллар киреше тапты.

1797345
Түрк чайы 10 жылда 203 , 9 миллион доллар киреше тапты

Түркия 2011 - 2021  - жылдар аралыгында чай экспортунан 203 миллион 872 миң 233 доллар киреше тапты.

Чыгыш Карадеңиз экспортчулар биримдигинин  маалыматына караганда 2011 - жылы 68 өлкөгө 2 миң 191 тонна чай экспорттогон Түркия тышкы соодадан 10 миллион 233 миң 528 доллар киреше тапты.

2021 - жылы Түркиядан 120 өлкөгө 5 миң 500 тонна чай сатылып, 19 миллион 575 миң 574 доллар киреше алынган.

Ушундайча түрк чай экспорту акыркы 10 жылда сан жагынан 15 пайыз, нарк жагынан 91 пайыз өстү.

Түркия 2011 - 2021 - жылдар аралыгында 51 миң 824 тонна чай экспорттоо менен  203 миллион 872 миң 233 доллар киреше тапты.



Тектеш кабарлар