Орусия-Украина согушунун Африкага таасири

Кристалина Георгиева Африканын каржы министрлери, борбордук банктын төрагалары жана БУУнун Африка Экономикалык Комиссиясынын (UNECA) өкүлдөрү менен жолугуп, Украина кризисинин кесепеттерин талкуулады.

1793675
Орусия-Украина согушунун Африкага таасири

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) жетекчиси Кристалина Георгиева, Африканын Орусия-Украина согушунун таасирине каршы алсыз экенин айтты.

Эл аралык Валюта Фондунун билдирүүсүндө, Кристалина Георгиеванын Африканын каржы министрлери, борбордук банктын төрагалары жана Бириккен Улуттар Уюмунун Африка Экономикалык Комиссиясынын (UNECA) өкүлдөрү менен жолугуп, Украина кризисинин кесепеттерин талкуулаганы белгиленди.

Жыйындан кийин билдирүү жасаган Георгиева, Украинадагы согуштун миллиондогон адамдын өмүрүн алганын жана Украина экономикасына олуттуу таасир тийгизгенин кабарлады.  

Согуштун жана Орусияга карата болуп көрбөгөндөй санкциялардын өтө чоң кесепеттерге алып келгенине көңүл бурган Георгиева, мунун Африка үчүн «сезимтал мезгилде» болуп жатканын баса белгиледи.

Дүйнөлүк экономика жана Африка континенти жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан келип чыккан кыйроодон калыбына келе баштаганда, жаңы кризистин жетишилген прогресстин айрымдарына коркунуч туудурганын билдирген ЭВФтин башчысы: "Африка төрт негизги канал аркылуу Украинадагы согуштун кесепеттерине өзгөчө аялуу болуп саналат: алар азык-түлүк баасынын өсүшү, күйүүчү майдын кымбатташы, туризмден түшкөн кирешенин азайышы жана эл аралык капитал рынокторуна кирүү мүмкүнчүлүгү",-деп айтты.



Тектеш кабарлар