Төртүнчү бургулоочу кеме келе жатат

Министр Дөнмез ТРТ- Хабердин түз эфиринде акыркы бургулоо иштери тууралуу маалымат берди.

1787741
Төртүнчү бургулоочу кеме келе жатат

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, төртүнчү бургулоочу кеменин 1-2 айдын ичинде Түркияга келе турганын айтты.

Министр Дөнмез ТРТ- Хабердин түз эфиринде акыркы бургулоо иштери тууралуу маалымат берди.

Кара деңизде буга чейин Түркия мунайзаттар менен эл аралык фирмалардын 7-8 бургулоо иштерин жүргүзгөнүн айтты. 

"Фатих" бургулоочу кеменин Кара деңиздеги Сакария газ кенинде Карасу-1 кудугунда чалгындоо максатындагы бургулоо иштерин улантып жатканын билдирген Дөнмез: "Төртүнчү бургулоочу кемебиз 1-2 айдын ичинде өлкөбүздүн ичинде болот",- деди. 

Учурда Европа өлкөлөрүнүн жаратылыш газ муктаждыгынын 40 пайызын Орусиядан камсыздаганына көңүл бурган Дөнмез, Орусиянын келишимдерге ылайык Түркияга газ берүүсүн улантканын маалымдады. 



Тектеш кабарлар