Операциядан улам Европадагы газдын баасы 52 пайызга көтөрүлдү
Баалар Орусиянын Украинага аскердик кийлигишүүсү жана Европага газ жеткирүү боюнча тынчсыздануулар күчөгөндүктөн көтөрүлүүдө.
Орусиянын Украинага аскердик кийлигишүүсүнүн себебинен Европада март айындагы келишимдерде жаратылыш газынын баасы 50 пайыздан ашык жогорулады.
Нидерландия борбордуу Европадагы эң терең виртуалдык жаратылыш газ соода түйүнү болгон TTFде март айындагы фьючерстик келишимдердин баасы кечээ мегават саатына 88 евро менен жабылды.
Жогоруда айтылган жаратылыш газ келишимдеринин баасы Түркия убактысы боюнча 18.06да 135 евро болду.
Ушундайча Европада жаратылыш газ келишимдеринин баасы кечээки жабылууга караганда 52 пайызга өстү.
Баалар Орусиянын Украинага аскердик кийлигишүүсү жана Европага газ жеткирүү боюнча тынчсыздануулар күчөгөндүктөн көтөрүлүүдө.
Евробиримдик өлкөлөрү учурда жаратылыш газына болгон муктаждыгынын 40 пайызын Орусиядан камсыздоодо.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.