Түркиянын кургатылган мөмө экспорту 1, 5 миллиард доллар

Түркиянын кургатылган мөмө жана азык - түлүк экспорту 2021 - жылы 12 пайыздык ылдамдык менен 1,5 миллиард доллардан ашты.

1778976
Түркиянын кургатылган мөмө экспорту 1, 5 миллиард доллар

Түркиянын кургатылган мөмө жана азык - түлүк экспорту 2021 - жылы 12 пайыздык ылдамдык менен 1,5 миллиард доллардан ашты.

Эгей кургатылган мөмө - жемиштерди жана азыктарды экспорттоочулар биримдигинин төрагасы Бирол Желеп билдирүүсүндө кургатылган анжир, кургатылган өрүк жана мейиз; 1 миллиард 574 миллион долларлык  кургак мөмө экспортунун 1 миллиард 39 миллион доллар менен негизги үлүштү түзгөнүн белгиледи.

Жалпы дүйнөдө 162 өлкөгө экспорт ишке ашыргандарын айткан Желеп : «Мейиз экспорту 2021 -  жылы 427 миллион долларга жетти. Негизги соода өнөктөшүбүз Европа өлкөлөрүнө 81 пайыздык үлүш менен 349 миллион доллар экспорттодук. 101 өлкөгө жеткен мейиз экспортубузда 2022-жылдагы максатыбыз 500 миллион доллар»,-деди.

Кургатылган өрүк экспортунун өткөн жылы 31 пайызга өсүп 348 миллион долларга жеткенин билдирген Желеп, быйылкы максаттын 450 миллион доллар экенин белгиледи.

Желеп кургатылган анжир экспортунун 112 өлкөгө жасалгандыгын, 11 пайыздык жогорулоо менен 263 миллион долларга жеткендигин билдирди.

Өткөн жылы мисте экспорту 209 миллион доллар, башка кургатылган жемиштер 80 миллион доллар, башка куурулган жемиштер 56 миллион доллар, бадам 63 миллион доллар, карагай жаңгагы 42 миллион доллар, жаңгак 33 миллион доллар, өрүк жана өрүк данеги экспорту 17 миллион доллар, куурулган нокот 17 миллион доллар, кургатылган алма экспорту 9 миллион доллар, кургатылган кара өрүк экспорту болсо 2 миллион долларды түздү.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар