Түркия 5 айда 1247 тонна анчоус экспорттоду

2021-жылдын 1-сентябрынан 2022-жылдын 31-январына чейин ишке ашкан анчоус экспортунан 5 миллион 676 миң 301 доллар киреше түштү.

1778204
Түркия 5 айда 1247 тонна анчоус экспорттоду

Түркиядан 5 айлык мөөнөттө 26 өлкөгө 1247 тонна анчоус экспорттолду.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар бирикмесинин көрсөткүчтөрүнө караганда, аңчылык сезону башталган 2021-жылдын 1-сентябрынан 2022-жылдын 31-январына чейин ишке ашкан анчоус экспортунан 5 миллион 676 миң 301 доллар киреше түштү.

Аталган мезгилде 26 мамлекетке 1247 тонна анчоус сатылды. 

Өткөн сезондун тийиштүү мезгилинде 917 тонна анчоус экспортунан 4 миллион 421 миң 664 доллар киреше түшкөн.

Ушундайча Түркиянын анчоус экспорту өткөн сезондун тийиштүү мезгилине караганда көлөмү жагынан 36 пайыз, наркы жагынан 28 пайыз өстү.

Бул мезгилде эң көп анчоус экспорттолгон өлкө Франция болду.

Бул өлкөгө 1 миллион 646 миң 878 долларга 267 тонна анчоус жөнөтүлдү.

Франциядан кийин 232 тонна жана 1 миллион 398 миң 414 доллар менен Бельгия, 250 тонна жана 1 миллион 129 миң 937 доллар менен Германия ээледи.

Бир тараптан бул мезгилде Ливан, Оман, Катар, Сирия жана Кенияга да анчоус сатылды.



Тектеш кабарлар