Түркиянын болот өндүрүшү өстү

Дүйнөлүк соодадагы бардык терс шарттарга карабастан 2021-жыл түрк болот өнөр жайы үчүн ийгиликтүү жыл болду.

1772922
Түркиянын болот өндүрүшү өстү

Түркиянын чийки болот өндүрүшү өткөн жылы 2020-жылга салыштырмалуу 12,7 пайыз өсүү менен 40,4 миллион тоннага, экспорту болсо ошол эле мезгилде көлөмү жагынан 19,9 пайызга өсүү менен 19,9 миллион тоннага жетти.

Дүйнөлүк соодадагы бардык терс шарттарга карабастан 2021-жыл түрк болот өнөр жайы үчүн ийгиликтүү жыл болду.

Түркиянын чийки болот өндүрүшү 2021-жылы өткөн жылга салыштырмалуу 12,7 пайыздык өсүү менен 40,4 миллион тоннага жетип рекорд койду.

Өлкөнүн болот өнүмдөрүнүн экспорту 2021-жылдын декабрь айында 3,3 пайызга көбөйүп 1,8 миллион тоннага, нарк жагынан 71,2 пайызга өсүп 1,7 миллиард долларды түздү.

Экспорт 2021-жылы өткөн жылга салыштырмалуу 19,9 пайыздык өсүү менен 19,9 миллион тоннага жетип, бул тармакта да рекорд койду. Экспорттун наркы да 93,3 пайызга өсүп, 16,5 миллиард долларга жетти.



Тектеш кабарлар