Өткөн жылы Түркия 131 өлкөгө помидор томатын экспорттоду

Улудаг экспортчулар ассоциацияларынан алынган маалыматка караганда Түркиянын томат пастасы экспорту өткөн жылы 2020 - жылга салыштырмалуу өстү.

1766253
Өткөн жылы Түркия 131 өлкөгө помидор томатын экспорттоду

2021 - жылы Түркиядан 131 өлкөгө томат пастасы, 118 өлкөгө кетчуп экспорттолду.

Улудаг экспортчулар ассоциацияларынан алынган маалыматка караганда Түркиянын томат пастасы экспорту өткөн жылы 2020 - жылга салыштырмалуу өстү.

Бурсанын Каражабей жана Мустафакемалпаша райондорунда өстүрүлгөн помидордон жасалган томат пастасын экспорттоо 2020 - жылга салыштырмалуу 32 пайызга жакын өсүп, 154 миллион 508 миң доллардан 203 миллион 883 миң долларга жетти.

Түркиянын помидор томат пастасы экспорту эң көп Иракка жасалды. Бул өлкөгө жасалган экспорт  2020 - жылга салыштырмалуу өсүп, 94 миллион 586 миң доллардан 120 миллион 710 миң долларга чыкты. Иракка жасалган экспорт жалпы экспорттун 59, 20 пайызын түздү. 

Томат пастасын өндүрүүчүлөр тизмеде экинчи орунда турган Италияга экспортун көбөйтүштү. Италияга экспорт 26 эсе өсүп, 688 миң доллардан 17 миллион 983 миң долларга жетти.

Үчүнчү орунда турган Германияга экспорт 10 миллион 988 миң доллар болду.

Тармактын  өкүлдөрү төртүнчү орунда турган Японияга 9 миллион 710 миң долларга, бешинчи Оманга 5 миллион 22 миң долларлык экспорт жасашты. 

Өткөн жылы Түркиянын кетчуп экспортунан 16 миллион 716 миң долларлык валюта киреше алынды. 

Өткөн жылы 118 өлкөгө экспорт кылган сектор өкүлдөрү эң көп экспортту Улуу Британияга жасады. Бул өлкөгө экспорт 858 миң доллардан 160 пайызга өсүп, 2 миллион 234 миң долларга жетти.

Кетчуп өндүрүүчүлөр экинчи орунда турган Германияга экспортту 15 пайызга көбөйтүп, 1 миллион 397 миң доллардан 1 миллион 619 миң долларга чыгарышты.

2020 - жылы 490 миң долларга кетчуп сатылган Бельгияга экспорт 152 пайызга өсүп, 1 миллион 234 миң доллар болду.

Сектор өкүлдөрү  Иракка 1 миллион 71 миң доллар, Испанияга 1 миллион 6 миң долларлык кетчуп сатты. 

 

 



Тектеш кабарлар