Түркиянын бут кийим экспорту 1 миллиард доллардан ашты

Булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдар секторунун экспортундагы бут кийимдин үлүшү 58,3 пайызды түздү.

1765268
Түркиянын бут кийим экспорту  1 миллиард доллардан ашты

Түркиянын бут кийим экспорту 2021 - жылы андан мурдагы  жылга салыштырмалуу  22,9 пайызга өсүп, биринчи жолу 1 миллиард доллардан ашты.

Тармактык экспорт маалыматтарына караганда Түркиянын булгаары жана булгаары буюмдарынын экспорту 2021-жылы 29,6 пайызга өсүп 1,73 миллиард доллар болду.

Булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдар секторунун жалпы экспорттон алган үлүшү 0,8 пайызды түздү.

Булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдардын эң көп үлүшүнө ээ болгон бут кийимдин экспорттук өсүүсү жылдык негизде 22,9 пайыз болду.

2020 - жылы 818,4 миллион доллар болгон экспортун 2021 - жылы 1 миллиард 6 миллион долларга көбөйткөн бут кийим өнөр жайы ушундайча көптөн бери көздөгөн 1 миллиард долларлык босогодон ашты.

Булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдар секторунун экспортундагы бут кийимдин үлүшү 58,3 пайызды түздү.

Түркия эң көп бут кийим экспорт кылган өлкөлөрдүн арасында 82,5 миллион доллар менен Россия биринчи орунга чыкты.

Өткөн жылга салыштырмалуу 24,5 пайызга өскөн бул өлкөнүн жалпы экспорттогу үлүшү 8,2 пайызды түздү.

Россиядан кийин  75,5 миллион доллар менен Ирак, 70,1 миллион доллар менен Германия, 64,3 миллион доллар менен Испания жана 40,8 миллион доллар менен Румыния турат.  

Бут кийимдер эң көп экспорттолгон 10 өлкөнүн катарына кирген башка өлкөлөр Израиль, Британия, Италия, Ливия жана Нидерландия.

Алдыңкы 10догу эң көрүнүктүү өсүү 58,8 пайыз менен Ливияда болду.

 



Тектеш кабарлар