Түркиянын орнотулган күн энергиясынын кубаттуулугу 7 миң 816 мегаваттка жетти
Өткөн жылы бул тармакка 1149 мегаваттык жаңы күн электр станциясы киргизилген.
Түркиянын орнотулган күн энергиясынын кубаттулугу 8 жылда 40 мегаваттан 7 миң 816 мегаваттка өстү.
Түркия акыркы жылдарда энергия муктаждыгын «таза энергия» деп аталган кайра жаралуучу энергия булактарынан камсыз кылуу жана энергетикада тышкы көз карандылыкты азайтуу аракетин арттырды.
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына караганда, Түркиянын күн энергиясын өндүрүүдөгү авантюрасы 2014-жылы 40 мегаватт орнотулган кубаттуулук менен башталган.
Колдоолордун таасири менен жыл сайын өскөн орнотулган кубаттуулук 2015-жылы 249 мегаваттка, 2016-жылы 833 мегаваттка чейин өстү.
Эң көп өсүү байкалган 2017-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 311 пайызга өсүү менен 3 миң 421 мегаваттка чыкты.
Өткөн жылы бул тармакка 1149 мегаваттык жаңы күн электр станциясы киргизилген.
Ошентип, өлкөдө орнотулган күн энергиясы 7816 мегаваттка жетти.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.