Түркиянын кургатылган помидор экспорту
Түркия өткөн жылы кургатылган помидордон 97 миллион доллар киреше тапты.
Түркия өткөн жылы кургатылган помидордон 97 миллион доллар киреше тапты.
Эгей жаңы жашылча - жемиш экспорттоочулар бирикмесинин маалыматына караганда 2020 - жылы 83 миллион доллар болгон кургатылган помидор экспорту өткөн жылы 17 пайызга өстү.
2020 - жылы 31,2 миң тонна болгон экспорт көлөмү 2021 - жылы 18 пайызга өсүп, 36,8 миң тоннага жетти.
Өзгөчө пицца жана макарондо колдонулушу менен тамак - аш өнөр жайы талап кылган бул продукт 106 өлкөгө экспорттолду.
Экспортто биринчи үч орунду АКШ, Италия жана Германия алса, түрк кургатылган помидоруна талап эң көп болгон өлкөлөрдүн арасында Голландия, Бельгия, Австралия, Франция жана Польша орун алды.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.